БИШКЕК, 24-май — Sputnik. 2012-жылдан бери Россияда иштеген кыргызстандыктардын саны 5 эсеге өскөн. Бул тууралуу РФтин Ички иштер министрлигине таянуу менен RT жазып чыкты.
Эгер 2012-жылы Россияда Кыргызстандын 79 375 жараны иштесе, 2017-жылы алардын саны 376 863кө жеткен.
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Россияга иштегени кеткен жарандардын саны
![Россияга кеткен кыргызстандык мигранттардын саны 5 эсеге өстү Россияга кеткен кыргызстандык мигранттардын саны 5 эсеге өстү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104853/12/1048531234_0:0:720:662_600x0_80_0_0_520d4bb5b7f65f34112dec3963da35ef.png)
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Россияга иштегени кеткен жарандардын саны
Кыргызстан РФтеги мигранттарынын саны боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде биринчи орунда турат. Экинчиде — Армения (2017-жылы — 232 247), андан кийин Белоруссия (2017-жылы — 124 633) жана Казакстан (2017-жылы — 88 202) келе жатат.