00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Парламентте Илим Карыпбеков менен каржы министринин орун басары айтыша кетти

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловГенеральный директор ОТРК Илим Карыпбеков
Генеральный директор ОТРК Илим Карыпбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңеш КТРКнын коомдук байкоочу кеңешинин отчетун угуп жатат.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында КТРКнын байкоочу кеңешинин отчету каралып жаткан учурда каналдын директору Илим Карыпбеков менен каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков мекемеге бөлүнгөн каражаттын көлөмү боюнча кайым айтыша кетти.

Депутат Нурбек Алимбеков КТРКнын бюджети жылына көбөйүп жаткан-жатпаганына кызыкты.

Каналдын директору Илим Карыпбеков 7-8 жылдан бери 400 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнөрүн айтты. Бирок бул маалыматты каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков жокко чыгарып, КТРКнын бюджети жылына 10 пайызга жогорулап жатканын белгиледи.

"КТРКга 2015-жылы 400 миллион сом бөлүнгөн. 2016-жылы 4039 миллион 300 миң сом каралса, 2017-жылы 4075 миллион 375 миң сом берилген. Андан сырткары, 2017-жылы көчмө телестудияны сатып алууга насыя түрүндө 70 миллион сом пайызы жок каражат берилген. Каржылоо көбөйбөй жатат дегени чындыкка дал келбейт. Белгилей кетүүчү жагдай, бюджеттик кодекс боюнча коомдук мекемелер мамлекет тарабынан каржыланбашы керек, бирок мамлекеттин саясатын жүргүзүп келе жаткан мекеме катары КТРКга бюджеттен колдоо көрсөтүлүп келет", — деди Кармышаков.

Бирок КТРКнын директору Илим Карыпбеков каржы министринин орун басары калп айтып жатканын билдирди.

Заместитель гендиректора КТРК Шайырбек Абдырахман уулу - Sputnik Кыргызстан
Шайырбек Абдырахман уулу КТРКнын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарат
"Бул киши бюджетти жакшы билбейт окшойт, сандарды үстүртөн карап алып айтып жатат. Биринчиден кайсы статьялар боюнча каражат көбөйгөнүн айтышы керек да. Чынында эки жыл көбүрөөк акча берилген. Бирок анын да жөнү бар. "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары "эмне үчүн биздин мамлекеттик бюджеттен Россиянын Биринчи каналын көрсөтүү үчүн акча төлөп жатабыз, төлөбөшүбүз керек" деп маселе көтөрүп чыккандан кийин бюджеттен тыюу салынып калган. Бирок РПРМТР каналды бул саясий маселе деп өчүргөн эмес, анын карызы көбөйүп 80-90 миллион сомго чейин чыккан. Маселени чечиш керек болуп президенттин жарлыгы менен ошол акчаны бизге которуп берип, ошондон биздин бюджет көбөйгөн. КТРКнын айлыгы, соцфонду бир тыйынга да жогорулаган эмес", — деди Карыпбеков.

Өз кезегинде Кармышаков эгер Карыпбеков туура эмес айтса кечирим сурашы керектигин, эгер ал туура эмес болсо кечирим суроого даяр экенин баса белгиледи.

Жыйынды алып барган төрага Дастан Жумабеков Карыпбековду сабырдуу болууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0