00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жогорку сот оппозициячы Асанов, Кадыров жана Карыбековдун жазасын жеңилдетти

© AP Photo / Jessica HillСессия в Капитолии
Сессия в Капитолии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оппозициячылар Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренеси менен айыпталган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жогорку сот бийликти басып алууга аракеттенди деп соттолгон оппозициячылар Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыровдун жаза өтөө мөөнөтүн жеңилдетти. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Сот коллегиясы Биринчи Май райондук соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимдерин өзгөртүп, Асановду, Кадыровду 8 жылга, Карыбековду 14 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 21-мартында интернетте үн тасма пайда болуп, анда Бириккен элдик кыймылдын үч өкүлү — Кубанычбек Кадыров, (ИИМдин экс-орун басары), Дуулатбек Турдуналиев жана Бектур Асанов (Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы) бийликти күч менен басып алуу, аймактарда башаламандык уюштуруп, акчаны ич ара бөлүштүрүү тууралуу сүйлөшкөн. Мындан кийин үчөө тең УКМКнын убактылуу тергөө абагына камалган.

Летняя пресс-конференция Алмазбека Атамбаева в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Исаков менен Кулматовдун камалышы боюнча саясий билдирүү жасады
Кийинчирээк экс-мамкатчы Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбеков кармалган.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров Кылмыш жаза кодексинин "Бийликти басып алууга даярдануу", "Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүүгө даярдык" беренелеринин негизинде күнөөлүү деп табылып, ар бири 12 жылга кесилген.

Эрнест Карыбеков "Мамлекетке кыянаттык жасоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүнөн ажыратылып, 18 жылга эркинен ажыратылып, бирок 59-беренеге ылайык, бир нече кылмышка барганы үчүн 20 жылга эркинен ажыратуу чечими чыккан.

Асанов менен Кадыровго 2016-жылдын 24-мартынан тарта жаза эсептелине баштаса, Карыбековго 26-марттан тарта саналат. Кыргызстандын Кылмыш жаза кодексине ылайык, күчөтүлгөн тартиптеги абактагы бир күн эки күнгө туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0