00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Москвада кыргызстандык таксист коюп кеткен адамдардын учурдагы абалы айтылды

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан Мексика, Азербайжан, Украина жана Россиянын жарандары жаракат алган.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Москванын чок ортосунда такси коюп кетип жаракат алган сегиз кишинин бешөө ооруканадан чыгарылды. Бул туурасында РИА Новости Россиянын Саламаттык сактоо департаментине таянуу менен билдирди. 

Эскерте кетсек, 16-июнь күнү такси кызматынын айдоочусу жөө адамдарды коюп кеткен. Кийинчерээк андан кыргыз паспорту табылып, кырсыкка кириптер болгон адам Кыргызстандын жараны Чыңгыз Анарбек уулу экени аныкталган.

Маалыматка ылайык, кырсыктан оор жаракат алгандар болгон эмес. Жабырлануучулардын арасында Мексика, Азербайжан, Украина жана Россиянын жарандары бар. 

"Жабыркаган беш жаран кечээ эле медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө жиберилген. Калган үч кишинин учурдагы абалы канааттандыраарлык. Жакында алар да ооруканадан чыгарылат", — деп айтылат маалыматта. 

КРдин Ички иштер министрлиги мекеменин Россиядагы өкүлчүлүгү учурда бул боюнча Россиянын укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып барып жатканын маалымдады. 

Москвада кырсыктаган таксисттин апасы: Чыңгыз уулумду террорчу дебегилечи... - Sputnik Кыргызстан
Аба майдандагы көз жаш. Чыңгыз Анарбек уулунун апасы Москвага жөнөп кетти. Видео
"Чыңгыз Анарбек улуунун кандайдыр бир күмөн жараткан же экстремисттик уюмдар менен байланышы жоктугу аныкталды. Үйүн тинткенде эч кандай тыюу салынган материалдар табылган эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча жол кырсыгына айдоочунун руль башкара албай калышы себеп болгон. Ал түнү менен иштегендиктен жолдо уктап кетиши ыктымал. Чыныгы себептери такталууда", — деп айтылат маалыматта. 

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү Анарбек уулунун туугандары жана кесиптештери менен байланышканда ал тууралуу жакшы пикирлерди айтышкан. Мындан ары да ага консультациялык жана башка жардамдар көрсөтүлүп турмакчы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0