00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Карыпбеков КТРК комментаторлоруна айтылган сынга жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековГенеральный директор КТРК Илим Карыпбеков
Генеральный директор КТРК Илим Карыпбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРК директору соцтармактагыларга төрт собол узаткан.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорациянын жетекчиси Илим Карыпбеков футбол комментаторлорунун ишинде кемчиликтер бар экенин моюндап, сын айткандарга жооп берди.

КТРК буга чейин Футбол боюнча дүйнө чемпионатын трансляциялоого эксклюзивдик укук алган. Биринчиликтин алгачкы оюндарынан тартып эле социалдык тармактын колдонуучулары комментаторлордун айрым айткандарына сын пикирин билдирип чыккан.

Карыпбеков "чемпионат башталгандан бери КТРКнын Спорт каналын, ал жерде иштеп жаткан комментаторлорун сөкпөгөн киши аз эле калганын" белгилеген.

"Туура, кемчиликтери бар, жок деп эчким айткан жок. Туура, Матч ТВ жана башка орусиялык комментаторлорго караганда деңгээли төмөнүрөөк, аны дагы танган жокпуз", — деп жазган КТРК жетекчиси.

Ошол эле учурда ал кыргызстандыктарга суроо салып, спорттук канал эки гана жыл мурун түптөлгөнүн эске салды.

Мексикалык футбол күйөрмандары - Sputnik Кыргызстан
Мексикалыктар Германиянын дарбазасына кирген голдон кийин "жер титиретип" ийишти
"Бизде Россиянын 40-50 жылдык тарыхы бар спорт каналындай тарыхыбыз жок. Университеттерде комментаторлорду окуткан бөлүмдөр эмес, курс, мектеп дагы жок. Ушундай шартта эки жыл мурун спорт каналыбыз пайда болду. Балдар эч кандай колдоосуз, өз күчтөрү менен аракет кылып жатканда колдоп койсок болбойбу же бул өтө эле чоң суранычпы?" — деп суроо салган.

Ал ошондой эле комментатор балдарга штаттын жетишсиздигинен улам маяна дагы каралбаганын белгиледи.

"КТРК Спорт каналынын штатында комментатор деген түшүнүк жок, ал эмес жөн эле журналист деген штат дагы бөлүнгөн эмес. Демек комментатор балдар айлык албайт. Футбол сүйүүчүлөр өз ыктыяры менен келип 600-700 сом гонорарга иштеп беришет. Ушундай абалда ката кылып жатышса да "аракетиңерге рахмат" деп койсо болобу же алар сөгүп, тилдегенге гана татыктуубу", — деп КТРК башчысы экинчи суроосун узаткан.

Карыпбеков кыргыз тилинде сүйлөгөн комментаторлорго карата дагы сындар айтылып жатканына көңүлүн бурган.

Болельщики перед матчем ЧМ-2018 Португалия - Испания - Sputnik Кыргызстан
Жашагыңды келтирет! Футбол чемпионатында күйөрмандык кылган сулуулар
"Кыргыз тилин өнүктүрүш керек дейбиз, бирок Россиянын Матч ТВсынын комментаторун угат элек дегендер чыгып жатат. Андан көрө жаңы такшалып келе жаткан өзүбүздүн балдарыбызга колдоо көрсөтсөк болбойбу. Мейли сындайлы, бирок сөгүп-сагып, жеке жашоосуна чейин асылып кетип жатабыз", — деди Карыпбеков.

Каналдын башчысы комментатор балдарды сындан сабак алууга, бирок эч качан сынбоого чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0