БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Катуу жаандан улам Баткен районунда сел жүрүп, суу сайдан ашып, Ак-Татыр айыл аймагынан өткөн унаа жолду каптап кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда жолдон чоң машиналар гана өтүп жатат.
© Фото / пресс-служба МЧС КРСель на дороге Баткен — Исфана
![Сель на дороге Баткен — Исфана Сель на дороге Баткен — Исфана - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103978/21/1039782105_0:0:1080:607_600x0_80_0_0_8a9bab7e0073ca9cec047b3824ab5080.jpg)
Сель на дороге Баткен — Исфана
© Фото / пресс-служба МЧС КР
"Мындан сырткары Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылындагы Керме-Тоо тилкесинде 15 турак үйдүн жер тилкесин да сел каптады", — деп айтылат билдирүүдө.
ӨКМ тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кеткенин белгилеп, кошумча маалымат берилерин айтты.