00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Унааны кайра каттоонун мөөнөтү узартылабы? Депутат Мамкаттоону сынга алды

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтомобильное движение в Бишкеке
Автомобильное движение в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Каттоо кызматы алдына коюлган тапшырманы аткара албай жатат деп доомат коюуда.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Мамкеттик каттоо кызматы автоунааларды кайра каттоого жетишпей жаткандыктан, жеңилдетилген жол менен машиналарды каттоонун мөөнөтүн узартыш керектигин билдирди. Эл өкүлү мындай пикирин бүгүн, 21-июнда, парламент жыйынында айтты.

Белгилей кетсек, өкмөт тарабынан ишеним кат менен айдап жүргөн автоунаанын ээси көлүктү өз атына каттатып алуу үчүн ушул жылдын 2-апрелинен 2-июлуна чейин жеңилдик мөөнөтү берилген.

Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унааны кайра каттатуунун зарылдыгын Мамкаттоо түшүндүрдү
Депутат Кыргызстан боюнча 400 миң унаа кайра каттоого муктаж экенин, бирок ушул тапта анын 60 миңи гана каттоодон өткөнүн айтып, Мамкатоо алдына коюлган тапшырманы аткара албай жатканын сынга алды.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги бул жаатта абал чындыгында кандай экенин билүү үчүн Каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары Усейин Касмалиевге кайрылды.

Анын айтымында, унааларды жеңилдетилген жол менен азыркы ээсине каттатуу мөөнөтүн узартуу чечимин бир гана өкмөт кабыл алат. Азырынча бул тууралуу сөз боло элек.

"Эл өкүлү 400 миң унаа деп айтып жатат. Чындыгында ишеним кат менен жүргөн унаалардын так санын эч ким билбейт. Анткени бул документтин берилип жатканы 2012-жылдан бери каралбай калган. Андыктан жалпы каттоодо турган 1 миллион 200 миң машинанын дагы канчасы кайра каттоо процессинен өтүүгө муктаж экенин айттуу кыйын", — деди жетекчи.

Ал эми кезек күткөндөр жана кызматкерлердин жетишпей жаткандыгы боюнча абалды Касмалиев мындай түшүндүрдү:

Конвеердеги автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкө рыногун Европадан ташылган унаалар каптайбы? Автобазардын эртеңи тууралуу
"Кайра каттоо боюнча республика ичинде 60-70 гана кызматкер бар. Алар апрель жана май айларынын ичинде 96 миң унааны каттап коюшту. Былтыр ушул убакта араң эле 24 миң унаа кайра каттоодон өткөн. Айдоочулар эң көп кайрылып жаткан Бишкек шаарында 15 адам иштейт. Андан ашык кызматкер кошуп берилген жок. Кезек күткөндөр тууралуу айтсак, негизги масса түшкө чейин келгендиктен саат 14.00дөн кийин кезек деле жок", — деди Касмалиев.

Ошондой эле адис белгиленген мөөнөттүн ичинде жетишпей калган айдоочулар 2-июлдан кийин деле кайрыла берсе болорун айтты. Болгону ал убакта кызмат акысы азыркыдан эки эсе кымбат болот. Ушу тапта кайра каттоонун баасы орто эсеп менен 1500 сомдун тегерегинде.

Жаңылыктар түрмөгү
0