БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
![Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103979/40/1039794073_0:0:2394:1505_600x0_80_0_0_1109fbf3ffe2f93b434ec7090248af7c.jpg)
![Жунушалиев президентке Москва шаарына барып, эки өлкөнүн ведомстволорунун ортосунда кызматташуунун кеңири спектри боюнча маселелерди талкуулоо үчүн Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолугушканын маалымдады. Жунушалиев президентке Москва шаарына барып, эки өлкөнүн ведомстволорунун ортосунда кызматташуунун кеңири спектри боюнча маселелерди талкуулоо үчүн Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолугушканын маалымдады. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103979/40/1039794080_0:0:2399:1507_600x0_80_0_0_18cbd8d3069219c15ed3f36dca0addbf.jpg)
Жунушалиев президентке Москва шаарына барып, эки өлкөнүн ведомстволорунун ортосунда кызматташуунун кеңири спектри боюнча маселелерди талкуулоо үчүн Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолугушканын маалымдады. Министр ошону менен бирге Москва шаарында кыргызстандык таксисттин катышуусу менен болгон жол кырсыгынын айланасындагы азыркы кырдаал тууралуу айтып берди.
Жолугушууда Жээнбеков ошондой эле 2018-жылдын 8-февралындагы КР Коопсуздук кеңешинин чечимин өз учурунда аткаруу зарылдыгын белгилеп, ыкчам иш жүргүзүү жана иликтөө ишинин айрым багыттары боюнча кемчиликтерге көңүл бурду.