БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө кулатуу эр таймаш боюнча "WEF Selection 16: Тоодогу кармашуу" аталышындагы мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аталган федерациядан кабарлашты.
![Ысык-Көлдө кулатуу эр таймаш боюнча WEF Selection 16: Тоодогу кармашуу аталышындагы мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды Ысык-Көлдө кулатуу эр таймаш боюнча WEF Selection 16: Тоодогу кармашуу аталышындагы мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103983/68/1039836879_0:70:2880:1881_600x0_80_0_0_8e75c891bf5b898f89be7cbf8dfedf25.jpg)
![Турнир 22-июнда Түп районундагы Каркыра жайлоосунда өтүп, Кыргызстандын 14 жуп мушкери күч сынашты Турнир 22-июнда Түп районундагы Каркыра жайлоосунда өтүп, Кыргызстандын 14 жуп мушкери күч сынашты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103983/68/1039836884_0:85:2879:1896_600x0_80_0_0_3a7d09867572d4a2db75db67f6f9c074.jpg)
![Аралаш мушташ боюнча кармашта спортчулар нокаут, техникалык нокаут, муунтуу, кайруу, айтор аты айтып тургандай түрдүү ыкмалар менен жеңишке ээ болушту Аралаш мушташ боюнча кармашта спортчулар нокаут, техникалык нокаут, муунтуу, кайруу, айтор аты айтып тургандай түрдүү ыкмалар менен жеңишке ээ болушту - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103983/68/1039836889_0:0:2880:1810_600x0_80_0_0_5a1dd4674cdc1a854387c20a1938e9a7.jpg)
![WEF уюмунун турнирлери мушкерлердин спорттук жетишкендиктерине жараша төрт лигада өтөт WEF уюмунун турнирлери мушкерлердин спорттук жетишкендиктерине жараша төрт лигада өтөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103983/68/1039836899_0:109:2880:1920_600x0_80_0_0_0a504fc6c208ca30e33a9a43035882e6.jpg)
![Amateur — каалаган мушкер катыша алат, башкача айтканда, эрежесиз урушка кадам таштайт, Selection — спортчулар деңгээлине жараша тандалып, жеңип чыккандар WEFтин кийинки Proffight баскычында ат салыша алат Amateur — каалаган мушкер катыша алат, башкача айтканда, эрежесиз урушка кадам таштайт, Selection — спортчулар деңгээлине жараша тандалып, жеңип чыккандар WEFтин кийинки Proffight баскычында ат салыша алат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103983/69/1039836905_0:109:2879:1920_600x0_80_0_0_e54a3689f3d2a253e36116d97d7c361b.jpg)
![Proffight — кесипкөй мушкерлер күч сынашат, WEF Global — эң мыкты спортчулар чемпиондук кур үчүн беттешет. Proffight — кесипкөй мушкерлер күч сынашат, WEF Global — эң мыкты спортчулар чемпиондук кур үчүн беттешет. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103983/69/1039836910_0:109:2879:1920_600x0_80_0_0_0ad66619c93d44f0287d0b350a3178f0.jpg)
Турнир 22-июнда Түп районундагы Каркыра жайлоосунда өтүп, Кыргызстандын 14 жуп мушкери күч сынашты.
Аралаш мушташ боюнча кармашта спортчулар нокаут, техникалык нокаут, муунтуу, кайруу, айтор аты айтып тургандай түрдүү ыкмалар менен жеңишке ээ болушту.
"WEF Selection 16: Тоодогу кармашуу" мелдешинин жеңүүчүлөрү:
WEF уюмунун турнирлери мушкерлердин спорттук жетишкендиктерине жараша төрт лигада өтөт: "Amateur" — каалаган мушкер катыша алат, башкача айтканда, эрежесиз урушка кадам таштайт, "Selection" — спортчулар деңгээлине жараша тандалып, жеңип чыккандар WEFтин кийинки "Proffight" баскычында ат салыша алат, "Proffight" — кесипкөй мушкерлер күч сынашат, WEF "Global" — эң мыкты спортчулар чемпиондук кур үчүн беттешет.