00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Максимальный репост
Проект документа о регуляции работы «удаленщиков»: будет ли он работать на практике
16:09
21 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кубанычбек Кулматов дагы эки ай камакта калтырылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСуд над Кубанычбеком Кулматовым
Суд над Кубанычбеком Кулматовым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кылмыш жаза кодексинин "коррупция" жана "документтерди жасалмалоо" беренелери боюнча айыпталууда.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кубанычбек Кулматовду тергөө аяктаганга чейин деп дагы эки ай, 28-августка чейин камакта калтырды.

Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев райондук соттун чечимин шаардык сотко арыздана турганын билдирип, кийинки инстанция адилеттүү чечим кабыл алат деген үмүттө экенин айтты.

УКМК Кулматовго жаңы жагдайлар боюнча да кылмыш ишин козгогон. Атап айтканда бажы кызматынын мурдагы башчысы Россиянын паспортун колдонгон деп айыпталып, КР кылмыш жаза кодексинин документтерди жасалмалоо беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми буга чейин анын баш коргоо чарасын үй камагына чыгаруу боюнча жактоочулардын кассациялык арызын Бишкек шаардык соту канааттандырган эмес.

Премьер-министр КР Жанторо Сатыбалдиев - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦ чыры: экс-премьер Сатыбалдиев тергөө аяктаганча камакка алынды
Эске сала кетсек, 18-майда Кулматовго карата коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен 5-июнда тергөө аяктаганга чейин камакка алынган.

УКМКнын версиясына караганда, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA тарабынан эки мектептин курулушуна берилген гранттык каражаттын 2 миллион долларын мыйзамсыз пайдаланган. Башкача айтканда, ал каражат аймактарга эки мектеп салууга берилсе, Кулматов аны өкмөттөн мэриянын карамагына "Калыс-Ордо" жаңы конушуна мектеп салуу шылтоосу менен өткөртүп алган. Мындан тышкары, подрядчы компаниянын жетекчилеринин бири да кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Тергөө иштеринин алкагында Кулматовдун үйүндө, мэриянын жогорку кызматтагы адамдары менен "Альто Групп" компаниясынын жетекчисинин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0