ЖАЛАЛ-АБАД, 28-июн. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунда 29,5 миллион долларга эки эстакадалык көпүрө салынууда. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин "Кыргызжолтрансдолбоор" институтунун эстакадалык көпүрө боюнча инженери Гамзат Кибетов билдирди.
Анын айтымында, мындай теxникалык мүнөздөгү курулуш Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашып жатат.
![Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунда 29,5 миллион долларга эки эстакадалык көпүрө салынууда. Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунда 29,5 миллион долларга эки эстакадалык көпүрө салынууда. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103992/05/1039920520_0:529:4355:3266_600x0_80_0_0_4cbdef4dfe7dd7354376d1c60a6a411d.jpg)
![Мындай теxникалык мүнөздөгү курулуш Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашып жатат. Мындай теxникалык мүнөздөгү курулуш Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашып жатат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103994/68/1039946800_0:89:4608:2986_600x0_80_0_0_59a51df9cfdc78998da369531b93fe25.jpg)
"Биринчи эстакадалык көпүрөнүн узундугу 1076, ал эми экинчисиники 386 метр. Алардын тирөөчтөрү 46 метр тереңдикке чейин киргизип орнотулуп жатат. Унаа өтө турган жолдун кеңдиги 11,5 метрге жетет. Азыр темир-бетон конструкциялар боюнча иштер жасалып, 26 жана 36 метрлик балкалар куюлуп даярдалууда. Мындай теxникалык мүнөздөгү курулуш Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашып жатат", — деди Кибетов.
Ал ошондой эле эстакадалык эки көпүрө 2019-жылы толугу менен бүтө тургандыгын кошумчалады.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарынан Балыкчыга чейинки альтернативалуу жолдун курулушу 2014-жылы башталган. Анын жалпы узундугу 433 чакырым болуп, эл аралык донорлор тарабынан каржыланууда. Ири долбоорду кытайлык China Roud and Bridge компаниясы ишке ашырып жатат.