"Караш-караш окуясы", "Көчө", "Бурма" сыяктуу тасмаларды жараткан киночунун көзү тирүү болгондо быйыл 85 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик кинематографиянын негиздөөчүлөрүнүн бирин эскерип, кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Камераны көчөдөн тааныган. Марлес Туратбеков 1933-жылы 7-июлда Нарын облусунун Ат-Башы айылында жарык дүйнөгө келген. Элеттеги мектепти аяктаган соң борборго келип эки жылдай камера тартуу ыкмасын бир еврей фотографты ээрчип жүрүп үйрөнгөн. Жыйырма жашында Москвадагы Мамлекеттик кинематография институтуна тапшырып, 1958-жылы операторлук факультетин бүтүргөн.
![Марлес Туратбеков элеттеги мектепти аяктаган соң борборго келип эки жылдай камера тартуу ыкмасын бир еврей фотографты ээрчип жүрүп үйрөнгөн Марлес Туратбеков элеттеги мектепти аяктаган соң борборго келип эки жылдай камера тартуу ыкмасын бир еврей фотографты ээрчип жүрүп үйрөнгөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104893/72/1048937284_0:0:1435:903_600x0_80_0_0_7b1cf0466c7f55f5050d3bab3d6d69e5.jpg)
![Алгачкы чыгармачылыгы Кыргызфильмден башталган Алгачкы чыгармачылыгы Кыргызфильмден башталган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104006/33/1040063387_0:0:2146:1347_600x0_80_0_0_f897e8f4110cfcd29087ec6e603167af.jpg)
![Туратбеков документалист катары Кыргыз ССРинин аймагында болгон орчундуу тарыхый окуяларды чагылдырып, атактуу инсандар тууралуу 30дай даректүү эмгек жараткан Туратбеков документалист катары Кыргыз ССРинин аймагында болгон орчундуу тарыхый окуяларды чагылдырып, атактуу инсандар тууралуу 30дай даректүү эмгек жараткан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104006/33/1040063394_97:0:2149:1290_600x0_80_0_0_4ceeeb932cdd187f8c4fd998507a6378.jpg)
Министрдин уулу. Кинооператордун атасы Досалы Туратбеков кезинде Айыл чарба министрлигин жетектеген. Кесибин сүйгөн жаш талант бүлө башчысынан жардам сурабай, өз алдынча эле ийгиликтерге жете алган.
Чебер документалист. СССРдин кинематографисттер союзунун мүчөсү алгач көркөм тасмаларды тартып жүрүп, кийин даректүү фильм тартууга ыктап кеткен. Ал ошол кездеги Кыргыз ССРинин аймагында болгон орчундуу тарыхый окуяларды чагылдырып, атактуу инсандар тууралуу 30дай даректүү эмгек жараткан.
Күчтүү устат. МАрлес Туратбеков чыгармачылыгында ар кыл улуттагы ондогон шакиртти тарбиялап өстүргөн. Алардын айрымдары азыр дагы ата мекендик кинематографияда жигердүү эмгектенип келүүдө. Алардын арасында Мурат Алиев, Бекболот Айдаралиев, Талантбек Акынбековдор бар.
![Знаменитый кыргызский кинооператор Марлес Туратбеков Знаменитый кыргызский кинооператор Марлес Туратбеков - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104893/73/1048937345_0:0:1779:1297_600x0_80_0_0_2d5f350ad8d82fbc0105b9bf60ccc71e.jpg)
Бирөөнө катуу сөз айтпаган ата. Марлес Туратбеков жубайы менен бир уул, кызды өстүргөн. Баласы Эмил азыр ишкерлик менен алектенсе, кызы Эмиля Москвада журналист болуп иштейт. Алар атасынын урушуп же катуу сүйлөгөнүн көрбөгөндүгүн айтып эскерет. Ошондой эле ал жумуштагы маселелерди үйгө келгенде такыр сөз кылчу эмес. Бир топ жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээси 1998-жылы 65 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.