БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин Ысык-Көл облусу болгон эки күндүк жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, сапардын жүрүшүндө премьер Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынына катышты.
"Ишкерлердин жана бизнестин кызыкчылыктарын өз учурунда жана максаттуу коргоо үчүн бизнес-омбудсмен институтун түзүү өкмөттүн алдындагы кечиктирилгис милдеттерден болуп турат. Мына ушундай шарттарды түзүү менен биз аймактарда өндүрүштүк жаңы кубаттуулуктардын ачылышына, токтоп турган ишканаларды кайра иштетүүгө жол ачып жатабыз. Ошондуктан дагы бир жолу эскертип коёюн, ар бир аймак жетекчиси, жылдын аягында аймакта түзүлгөн жумуш орундарынын санына жана калкка көрсөтүлгөн жардамга карап сиздердин ишиңиздер бааланат!", – деди премьер.
Ал ошондой эле аймактарды өнүктүрүүдө республикалык бюджет менен катар жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.
Абылгазиев андан сырткары ар бир аймак жетекчиси министрликтер жана ведомстволор менен тыгыз иштешүүсү керектигин айтты.