БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Актриса Элина Абай кызы Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" чыгармасынын негизинде жаңыланып Өзбекстанда тартылып жаткан тасмада кантип Кадичанын ролун ойноп калганын өзүнүн Instagram баракчасына жазды.
Актриса тартуучу топ аны Кадичанын ролуна караштырып жатканын билгенде аябай кубанганын билдирген.
"Кадичанын ролу үчүн сүрөт жөнөтүүнү сурашканда аябай толкундандым. Себеби бул мен үчүн жаңы роль, жаңы нерсе! Чыдамсыздык менен жооп күтүп жаттым. Өзбек киносунун көркөм кеңеши мени бул орунга бекиткенде сүйүндүм", — деди ал.
Андан сырткары, эмне үчүн тасмадагы башкы каарман Аселдин ролун ойнобогонуна түшүндүрмө берген.
Элина Абай кызы ошондой эле эркектерге кайрылып, жалган патриот болбоого, элди бөлүп жарбоого чакырды.
"Биздин "баатыр", духу күчтүү эркектер, келгиле жалган патриот болууну токтотолу. Кыргызстан менен Өзбекстандын биргеликте жасап жаткан алгачкы эмгегине кубаналы. Бул башталышы деп гана ойлойм. Мен эки элдин достугун колдойм", — деп жазат актриса.
Фильм быйылкы жылдын соңунда элге сунушталат. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын алдыңкы актерлору тартылууда.
Ильястын ролун белгилүү актер Азиз Ражапов, Байтемирди Улугбек Кадыров ойнойт. Эки актер тең Өзбекстандан.
Аселдин образын Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы Мадина Талипбек жараткан, Кадичаны Элина Абай кызы аткарат. Актерлордун баары Өзбекстандын көркөм кеңешинин сынынан өткөн.