БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргыз эл артисти, белгилүү актер Дүйшөнбек Байдөбөтовдун сөөгү кичи мекени болгон Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жерге берилди. Бул тууралуу Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын жетекчиси Жолдош Жанжигит уулу билдирди.
Эскерте кетсек, Байдөбөтов узакка созулган оорудан улам 7-июль күнү көз жумган. Ал 69 жашта болчу. Эл артистин өзүнүн туулуп-өскөн жерине алып кетүүнү бүлөсү менен туугандары чечкен.
![Похороны актера Дуйшенбека Байдоботова Похороны актера Дуйшенбека Байдоботова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104008/93/1040089386_0:0:1032:581_600x0_80_0_0_3c057600bbcef1135d1895d64823a666.jpg)
Маркумдун тажыясында киши көп болгону айтылды. Сөөктү алып чыгаар алдында митинг өтүп, аны Ысык-Ата районунун акими Калмырза Кожомкулов ачты. Андан соң президенттин кеңешчиси Айбек Азыранкулов, Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз, жакындары, кесиптештери сөз сүйлөдү.
Ал эми театр сахнасында Курманбек баатырдын, Отелло, Танабай сыяктуу каармандардын образын жаратып, жаш муунга да устаттык кылган.