00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
Без патентов: какие изменения ждут предпринимателей в торговле?
18:08
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Денис Тенди өлтүрүүгө шектелген кишинин сотто айткан кеби

© Sputnik / Тимур БатыршинУбийство фигуриста Дениса Тена
Убийство фигуриста Дениса Тена - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот экинчи шектүүнүн бөгөт чарасын карады.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Казакстандык белгилүү фигурист Денис Тенди өлтүрүүгө шектелип жаткан 24 жаштагы Нуралы Киясов камакка алынды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Жума күнү кечке жуук Алмалы райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын кароо үчүн жыйын өткөргөн.

Шектүү сотто балдары менен туруктуу иши жок экенин, мурда соттолгонун билдирген. Ал 2015-жылы унаа уурдаганы үчүн жазаланган.

Судья Алма Абдухалыкова Киясовго сөз бергенде ал фигуристти бычактабаганын билдирген.

"Мен ал адамды бычак менен сайган жокмун. Мен болгону карап турдум", — деди шектүү.

Sputnik Казакстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдиргендей, шектүү эмоцияга алдырбай жай сүйлөгөн. Андан кийин судья кеңешүү бөлмөсүнө кеткен.

Случаи нападения на людей в КР - Sputnik Кыргызстан
Кызганыч жана акча. Бычакталган Сарчаев менен жубайы эмнеге араздашкан
Киясовдун адвокаты шектүүнү сыртка чыкпоо боюнча тил кат менен үй камагына чыгарууну суранган. Бирок сот жетиштүү далилдер бар экенин айтып, тергөө аяктаганга чейин деп эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Эске салсак, белгилүү фигурист 19-июлда киши колдуу болгон. Денис Тен унаасынын капталындагы күзгүлөрүн чечип жаткан эки ууруну көрүп, кафеден чуркап чыккан. Аларга каршылык көрсөтүүгө аракет жасаганда, кылмышкерлердин колунан бычак жеген. Кийин ооруканага жеткирилип, ошол жактан жан берген. Каргашалуу окуя 19-июль күнү болду. 

Таланттуу фигурист болгону 25 жашта эле. Окуяга шектелген эки жаран тең полициянын колуна түшүрүлдү.

Денис Тен VII кышкы Азия оюндарынын жеңүүчүсү жана көптөгөн эл аралык сынактарда байгелүү орундарды ээлеген. 2014-жылы Олимпиада оюндарында коло медалдын ээси болгон. Казакстандын беш жолку чемпиону.

Жаңылыктар түрмөгү
0