БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Таиланддагы үңкүрдөн июль айынын башында куткарылган жергиликтүү футбол клубунун 11 өспүрүм оюнчусу жана машыктыруучусу кечил болуу үчүн атайын салттан өттү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.
Таиланддагы Тхам Луанг үңкүрүнөн 12 өспүрүм менен машыктыруучусу куткарылган. Балдарды бирөө христиан динин тутунгандыктан ал салтанатта күйөрман катары гана катышкан.
Монах болгон өспүрүмдөр монастырда 10 күн болушса, машыктыруучусу бир жол бою ал жакта болот.
Өспүрүмдөрдүн футбол боюнча командасынын 12 оюнчусу машыктыруучусу менен бирге 23-июнда жоголуп кеткен. Он күндөн кийин алар Тхам-Луанг үңкүрүндө экени аныкталган. Алар 7 чакырымдык үңкүргө киргенде капысынан суу көтөрүлүп үңкүрдүн оозун жаап калган. Куткаруу операциясы 2-июлда башталган.