БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кечээ түнү борбор калаада дагы бир жол кырсыгы катталып, анда такси менен Honda HR-V үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө маалымдап, кырсыктын сүрөттөрүн WhatsApp-каналы аркылуу жөнөткөн.
![Кечээ түнү борбор калаада дагы бир жол кырсыгы катталып, анда такси менен Honda HR-V үлгүсүндөгү унаа кагышкан Кечээ түнү борбор калаада дагы бир жол кырсыгы катталып, анда такси менен Honda HR-V үлгүсүндөгү унаа кагышкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104038/99/1040389939_0:101:1279:906_600x0_80_0_0_7307de60dc5d96b1a1dec4c0fabb59bd.jpg)
![Кырсык 28-июль түнү 01:30дар чамасында катталып, кагышканда такси арыкка кирип кеткен Кырсык 28-июль түнү 01:30дар чамасында катталып, кагышканда такси арыкка кирип кеткен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104038/99/1040389919_0:11:1279:816_600x0_80_0_0_06cad9da9d50d6b93815d5dc88db0661.jpg)
![Таксиде эки жүргүнчү болгон, эч кимиси жабыркаган эмес. Ал эми Honda HR-V үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги эки аялдын бири кош бойлуу экендиги айтылды Таксиде эки жүргүнчү болгон, эч кимиси жабыркаган эмес. Ал эми Honda HR-V үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги эки аялдын бири кош бойлуу экендиги айтылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104038/99/1040389934_0:99:1279:904_600x0_80_0_0_ec2febb4e84034f9bb9f8bb19a3efdd4.jpg)
![Бактыга жараша, алар да жабыркаган эмес. Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы келип, таксинин айдоочусун жана аялдарды текшерүүдөн өткөргөн. Бактыга жараша, алар да жабыркаган эмес. Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы келип, таксинин айдоочусун жана аялдарды текшерүүдөн өткөргөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104038/99/1040389929_0:155:1280:960_600x0_80_0_0_833110c67e0060e63a343f1a5831836a.jpg)
Анын айтымында, кырсык 28-июль түнү 01:30дар чамасында катталып, кагышканда такси арыкка кирип кеткен.
"Honda Fit үлгүсүндөгү такси Исанов көчөсү менен түштүк тарапты көздөй бара жаткан. Москва көчөсүнүн кесилишине келгенде жол чырактын кызыл белгисинен өтүп бара жаткан Honda HR-V унаасы менен кагышкан", — деди күбө.
Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери окуя болгон жерге барып, протокол түзүп эки унааны тең айып короосуна жөнөтүштү. Чогултулган маалыматтардын баары тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилмекчи.