ОШ, 31-июл. – Sputnik. Өзгөн районунун аймагында уюштурулган милициянын көчмө кабылдамасы жашоочулардын арыздарын жеринде кабыл алып жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваӨзгөн районунун аймагында уюштурулган милициянын көчмө кабылдамасы жашоочулардын арыздарын жеринде кабыл алып жатат
![Өзгөн районунун аймагында уюштурулган милициянын көчмө кабылдамасы жашоочулардын арыздарын жеринде кабыл алып жатат Өзгөн районунун аймагында уюштурулган милициянын көчмө кабылдамасы жашоочулардын арыздарын жеринде кабыл алып жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104043/35/1040433519_0:58:1000:687_600x0_80_0_0_fa5603ddf076244d3a7bf14c10c835f8.jpg)
Өзгөн районунун аймагында уюштурулган милициянын көчмө кабылдамасы жашоочулардын арыздарын жеринде кабыл алып жатат
Ага ылайык, 31-июль күнү Өзгөн шаарындагы милициянын көчмө кабылдамасына беш тургун арыз менен кайрылган. Алардын ичинен эки арыз тиешелүү бөлүмдөргө жиберилген.
"Учурда көчмө кабылдама Өзгөн районунан сырткары Кара-Суу, Араван, Ноокат райондорунда да иштеп жатат. Анын курамында милициянын аймактык тескөөчүсү, өспүрүмдөр менен иштешкен инспекциянын кызматкери жана айдоочу бар", — деп айтылат маалыматта.
Милициянын көчмө кабылдамасынын максаты — жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана милицияга болгон ишенимди бекемдөө.