00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Будь в курсе
Как подойти кыргызским школьникам к выбору ВУЗа в России?
12:08
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Чакан жана орто бизнеске пайызсыз насыя берүү программасы натыйжа бердиби?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда таштанды чогултууга канча жана эмне үчүн акы төлөө сунушталууда?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Миграция кызматы кыргызстандыктарга Россиядан иш таап берүүдө. Жол-жобосу

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы "Кызыл аянт". Архив
Москва шаарындагы Кызыл аянт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн да беш мекендеш Москвага жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык бөлүмү "Уюшулган түрдө Россия Федерациясына жумушка орноштуруу" программасынын алкагында 120 кыргызстандыкты аталган өлкөгө жиберди. Бул туурасында мекеменин башкы адиси Жандарбек Айтназаров билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта атайын программа ишке кирип, Россиядагы компаниялар менен келишим түзүлгөн.

"Биз аркылуу кеткен жарандарга жумуш берүүчү компания авиабилетин алып берип, жатакана менен камсыздайт. Ал эми тамак-ашын жеңилдетилген баада сатып алышат. Айлыктары 30-35 миң рублди түзөт. Эгер келишимдеги шарттар сакталбай бизге даттанса, кырдаалды жөнгө салып беребиз. Жарандар көбүнчө завод, фирмаларга жүк жүктөө, таңгактоо жана тазалоо сыяктуу иштерге барышууда", — деди Айтназаров.

Ошондой эле ал учурда дагы вакансия бар экенин кошумчалап, иштейм дегендер кайрыла берсе болорун кошумчалады.

"Резюмесин калтырган жаран менен жумуш берүүчү компаниянын өкүлү онлайн маектешүү өткөрүп тандайт. Негизги талаптар — жашы 18ден 50гө чейин, медициналык китепчеси бар жана орус тилин билиши керек. Жаран мындай кызматыбыз үчүн бизге болгону 300 сом төлөйт. Бул программа карапайым калкка чоң жардамын тийгизет. Бүгүн да беш адамды Москвага жөнөтүп жатабыз", — деди башкы адис.

Бүгүн сапарга чыккандардын катарында жаш үй-бүлө Жумабек Кожомкулов менен Бактыгүл Оролова бар. Кетер алдында алар Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен баарлашты.

Россия Федерациясынын миграция кызматынын кызмамткери. Архив - Sputnik Кыргызстан
РФтин миграция мыйзамына өзгөртүү кирди. Кыргыз мигранттарга тийгизчү таасири
"Москвадагы этти кайра иштетүү фирмасына баратабыз. Аялдар товарларды таңгактап, аны эптей албаса пол жууп иштейт экен. Мен айдоочулукка баратам. Айлыгы 30 миңден 35 миң рублге чейин. Эгер дем алышсыз иштесең 40 миңге жетет дешүүдө. Биз үй-бүлөлүү болгондуктан өзүнчө бир бөлмө бере турган болушту. Онлайн аңгемелешүүдөн өтүп, 6 айга чейин келишим түздүк. Андан ары да келшимди узартып иштеп кетсек болот. Азыр билет кымбат болуп, жаныбыздан 7 миң рубль төлөдүк, муну кийин кайтарып беришет. Программаны буга чейин Россияда ишке орношкон жездем сунуштаган", — деди Кожомкулов.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык бөлүмү бул кызмат аркылуу Россияга жумушка орношуу алда канча жеңил жана коопсуз болорун айтууда. Кайрылган адам аңгемелешүүдөн өтсө бир жумага жетпей учуп кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0