00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Утро хорошего дня
С чего стоит начать заниматься ландшафтным дизайном, рассказал садовод
06:05
44 мин
Күн башат
Мас болуп унаа башкаргандарга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна ири айып пул салуу натыйжалуубу?
07:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Зачем нужна добровольная аттестация учителей?
08:05
44 мин
On air
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Мас болуп унаа башкаргандарга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна ири айып пул салуу натыйжалуубу?
09:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
«Образование послезавтра» - как не потеряться на рынке труда будущего
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эмнеге автобекеттер шаардан сыртка чыгарылды? – Жаңы автобекеттерде калкка кандай шартар каралган?
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Сүйменкул Чокморовдун чыгармачылыгы
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө эпизоотиялык абал кандай? — эл аралык соодага таасирин тийгизүүчү ылаң катталган жокпу?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санарип акчалар банктык системаны алсыратабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
100 лет прокуратуре Кыргызстана: ключевые этапы развития и вызовы
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Ажылык - бул макам эмес! Ажылыка барган адам өзүн кандай алып жүрүшү керек?
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
Политические вызовы Молдовы и Грузии: беседа с ветераном спец. служб
20:06
45 мин
Ачык кеп
Өлкөдө эпизоотиялык абал кандай? — эл аралык соодага таасирин тийгизүүчү ылаң катталган жокпу?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкектеги жасалма асканын чыныгы баасы айтылды. Объект тууралуу 5 факты

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын "Жаштар" гүлбагына орнотулган жасалма аска. Архив
Бишкек шаарынын Жаштар гүлбагына орнотулган жасалма аска. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын "Жаштар" гүлбагына орнотулган жасалма аска боюнча коомчулук, социалдык тармактын колдонуучулары арасында ар кандай кептер айтылууда. Айрымдары спорттук объектини сейил бактан башка жерге эле салса болмок деген пикирин билдирсе, кээ бири ага кеткен акчаны башка бир нерсеге жумшаса болмок деп нааразы болушту.

Ишке бериле элек жатып иштебей калган, тепкичтеринин жарымынан көбү алынып, эми балдар эмес, чоңдор да чыга албай турган "Жаштар" гүлбагындагы жаңы жасалма аска тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды чогултту. Айрым маалыматтар Биринчи Май районунун акиминин орун басары Руслан Шараповдон алынды.

Реконструкциядан кийин. 20-июль күнү Бишкек шаарынын Жибек Жолу көчөсү менен Жаш Гвардия проспектисинин кесилишиндеги "Жаштар" гүлбагындагы реконструкциянын биринчи этабы аяктап, ачылышы болгон. Ал жерге эс алуучуларга ылайык шарттар түзүлүп, жасалма аска салынып, футбол аянтчасы да курулган.

Кооптуу делген жай. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары жаңы салынган жасалма аскага балдар менен чоңдор коопсуздук куру жок эле чыгып жатканын көргөн. Анан калса балдар "аскага" чыкса артынан караган эч ким жок. Буга байланыштуу кабарчылар тийиштүү органдарга кайрылып, бир күндөн кийин Биринчи Май району жасалма асканын ылдый жагындагы балдар чыгып жаткан тепкичтин баарын алдырткан. Жыйынтыгында ага балдар эмес, чоңдор да чыга албай калган. Сүрөттө көрүнүп тургандай жылаңач төрт бурчтуу темир эле турат.

© пресс-служба мэрии города БишкекРеконструкция парка "Молодежный" в Бишкеке
Реконструкция парка Молодежный в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Реконструкция парка "Молодежный" в Бишкеке

Курулушка кеткен акча. Асканын баасын мэрия тендерге 1 миллион 821 миң сом деп койгон. Бирок андан уткан компания жасалма асканы 1 миллион 468 миң сомго сала турганын айткан.

Дайыр Асанов атындагы паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эстеликтерге чыгып кетип, бүлдүрбөгүлөчү. Мэрия элге кайрылды
"Өзгөчө" жайды курган компания. Спорттук объектини "ЛОИ" деп аталган жеке ишкана салган. Аталган ишкананын курулуш тармагында иш алып баруу боюнча Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинен алган лицензиясы бар. Ал спорттук объектини сейил бактын ичине курууга "Бишкек башкы архитектура" ишканасы уруксат берген.

Ишке бериле элек. Бир жарым метр тереңдикте бетон куюулуп, темир металлдан турган жасалма асканы азырынча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы текшере элек. Алар сертификат, уруксат кагазын бере электигине байланыштуу бул жайды иштетүүгө болбойт. Биринчи Май району "буга чейин деле ал иштебей турган" дегени менен айлана-тегереги ачык болуп, кайтарган киши болбогондуктан балдар кызыгып "аскага" чыгып кетип жатышкан. Биринчи Май району аны жакынкы күндөрү Альпинизм жана жарга чыгуу федерациясынын балансына өткөрүп берерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0