БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Нарында аралаш мушташ боюнча WEF Proffight эл аралык турнири өтө тургандыгын Кулатуу эр таймаш федерациясынан кабарлашты.
Мелдеш 4-августта саат 18:00дө Нарын шаарында болот.
Маалыматка ылайык, мелдештин алкагында 18 беттеш тартууланат. Анын бири супер-беттеш болсо, дагы бири чемпиондук кур үчүн кармаш болмокчу.
Турнирге Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын спортчулары катышат.
Негизи WEF уюмунун турнирлери мушкерлердин спорттук жетишкендиктерине жараша төрт лигада өтөт.
"Amateur" — каалаган мушкер катыша алат, башкача айтканда, эрежесиз урушка кадам таштайт;
"Selection" — спортчулар деңгээлине жараша тандалып, жеңип чыккандар WEFтин кийинки "Proffight" баскычында ат салыша алат;
"Proffight" — кесипкөй мушкерлер күч сынашат;
WEF "Global" — эң тажрыйбалуу мушкерлердин кармашы.