00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сапар Исаков УКМК кызматкери опузалап жатканын айтып, прокуратурага кайрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр КР Сапар Исаков
Премьер-министр КР Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку премьер-министр учурда иш алып барып жаткан адвокатынан баш тартууну талап кылышканын айтты.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков УКМК кызматкери тарабынан опузалоого туш болгонун айтып, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон аталган фактыны текшерүүсүн өтүндү. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Исаковдун билдирүүсүндө 13-июль күнү саат 11.00дө аны абак тергөөсүнөн УКМКнын тергөөчүсү Кубанычбек Сабыровго алып барышканы айтылат.

"Сабыров кабинеттен чыгып кеткенден кийин өзүн Илим деп тааныштырган УКМКнын кызматкери адвокат Нурбек Токтакуновдон баш тартууну сунуштады. Болбосо WikiLeaks сайтына мурун чыккан материалдар боюнча мага карата дагы бир кылмыш ишин козгой турганын айтты. Мен макул болбой, аталган фактыны ачыкка чыгарууну тапшырдым", — деди Исаков.

Мурунку өкмөт башчы аталган кызматкер аны Биринчи Май райондук сотуна коштоп барганын, камакка дал ошол жерден алынганын белгилеген.

Адвокат опузалоо тууралуу ачыктагандан кийин УКМК бул фактыны төгүнгө чыгарган.

"Бардык жоопкерчиликти мойнума алып, адвокат мен айткан нерсени гана коомчулукка чыгарганын билдирем", — деди Исаков.

Аягында мурунку премьер тергөөнүн кызматкери айыпталуучуну жактоочусунан баш тартууга мажбурлоосу кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу (Кылмыш жаза кодексинин 305-беренеси) катары эсептелерин, ага кошумча адвокаттык ишмердүүлүккө тоскоолдук жаратуу аракети (Кылмыш жаза кодексинин 318-беренеси) деп баалана турганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0