Анын 265и изилдөөгө, 1076сы чалгындоого, 1273ү казуу үчүн тапшырылган. Лицензиянын басымдуу бөлүгү руда эмес кендерге таандык. Мындайча айтканда, керамзит, кыш, гипс, курулуш таштарын өндүрүү үчүн чийки заттарды казууга берилген.
Sputnik Кыргызстан агенттиги 2010-жылдан бери уруксат кагаздары кайсы кендерди казууга берилгендигин жана андан мамлекетке канча каражат түшүп жаткандыгын тактап көрдү.
Уруксат кагаздарынан ушул жылдын алты айында өлкө казынасына төрт миллиард 169 миллион 981 миң сом түшкөн. Ал эми 2010-жылдан 2018-жылдын июлуна чейин республикалык бюджетке жалпы 70 миллиард 563 миллион 71 миң сом (1,035 миллиард доллардан ашык) төлөнгөн.
Ошондой эле жыл башынан бери мамлекет 155 лицензияны кайра кайтарып алган.