Сертификаттар жалпы республикалык тестирлөөдөн 219дан 237 баллга чейин алган окуучуларга берилди. Sputnik Кыргызстан агенттиги жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упайга ээ болгон алдыңкы он бүтүрүүчүнүн кайсы ЖОЖдорго тапшырганын билип көрдү.
Республика боюнча тестирлөөдө эң көп 237 упай алган Айлин Албанова Борбор Азиядагы Америка университетине тапшырды. Аудитор болгусу келген бүтүрүүчү экономикалык багытты тандаган.
Президенттин колунан алтын сертификат алгандардын катарында Перизат Онолбекова (232). Ал да Борбор Азиядагы Америка университетинде экономика боюнча билим алат.
![Вручение золотых сертификатов выпускникам Вручение золотых сертификатов выпускникам - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104056/87/1040568712_0:0:2400:1618_600x0_80_0_0_f7424e6703f83ec9f2f6c371a7c6ecf3.jpg)
№61 мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү Деңиз Назарова да Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти болду. Жалпы республикалык тестирлөөдө 231 упай алган өспүрүм "Программалык инженерия" факультетине өттү.
![Обладательница золотого сертификата Дениз Назарова Обладательница золотого сертификата Дениз Назарова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104056/94/1040569436_0:0:1279:1280_600x0_80_0_0_8ebd5e97d6bf1093539bd4c06bc6d341.jpg)
Ошол эле мектептин дагы бир тарбиялануучусу Айбике Өмүрова 230 упай менен дүйнөлүк деңгээлдеги төрт ЖОЖго тапшырып өтүп кеткен. Ушу тапта Европадагы ири университеттердин биринде окууну чечти. Айбике кайсы жогорку окуу жайын тандап алганын айткысы келген жок.
![Вручение золотых сертификатов выпускникам Вручение золотых сертификатов выпускникам - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104056/89/1040568945_0:0:2400:1634_600x0_80_0_0_d735dbedd6a25ddcd35baee105fc3f29.jpg)
Кыргыз-орус славян университетинин алдындагы мектепти аяктаган Максим Сыразетдинов Россиядагы ЖОЖдордун бирине тапшырды. 229 упай алган болочоктогу инженер-программист Санкт-Петербург шаарындагы Маалыматтык технологиялар, механика жана оптика университетинде окуусун акысыз улантат.
![Вручение золотых сертификатов выпускникам Вручение золотых сертификатов выпускникам - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104056/90/1040569075_0:0:2400:1582_600x0_80_0_0_30ee1dd6f0df94ab5730500eb8329098.jpg)
Тестирлөөдө 228 упайга жеткен Канышай Калманова бюджеттик негизде Россиянын эки жогорку окуу жайына өтүп кетти. Ал Москвадагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде билим алмакчы.
![Обладательница золотого сертификата Канышай Калманова Обладательница золотого сертификата Канышай Калманова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104056/94/1040569447_0:0:1280:960_600x0_80_0_0_0a7792093665e2837f568c6a53fcb7e7.jpg)
Ал эми "Айчүрөк" лицейин аяктаган Каныкей Канатова чет өлкөдөгү үч ЖОЖдо окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. 228 упайга татыган абитуриент Кытайдын Гонконг университетин (The Chinese University Of Hong Kong) тандап, социалдык илимдерди окуй турган болду.
![Обладательница золотого сертификата Каныкей Канатова Обладательница золотого сертификата Каныкей Канатова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104056/94/1040569441_0:0:960:1280_600x0_80_0_0_c25ead573950e3d287924fae9ea101a8.jpg)
Ошондой эле жалпы республикалык тестирлөөдө 227 балл ала алган "Айчүрөк" лицейинин дагы бир бүтүрүүчүсү Эмилия Ишимова Кытайда окуй баштайт. Ал Гонконг шаардык университетинин (City University of Hong Kong) бизнес башкаруу бөлүмүнө ыктады.
![Вручение золотых сертификатов выпускникам Вручение золотых сертификатов выпускникам - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104056/92/1040569268_0:0:2400:1597_600x0_80_0_0_e1d92d32c7106b934df2e493d805f8f9.jpg)
Эрмек Курманбеков борбор калаадагы №67 мектеп-гимназиясын бүтүргөн. Тестирлөөдө 226 упайга татыган болочоктогу экономист Кытайдын Аньхой технологиялык университетинде (Anhui University Of Technology) эл аралык сооданы гранттык негизде окуй турган болду.
![Вручение золотых сертификатов выпускникам Вручение золотых сертификатов выпускникам - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104056/93/1040569348_0:0:2400:1567_600x0_80_0_0_eaaf68c21132ec6bcb23336d11be80d7.jpg)
ЖРТдан 226 упай алган Бактыгул Мамытова Кытайдагы Чет тилдер университетине тапшырды. Ал коңшу өлкөдөн адискөй котормочу болуп чыгат.
![Обладательница золотого сертификата Бактыгуль Мамытова Обладательница золотого сертификата Бактыгуль Мамытова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104056/94/1040569431_0:0:720:1080_600x0_80_0_0_c6e5181a27f39345c52b6cabfd265e48.jpg)
Быйыл алтын сертификат кайсы облустун бүтүрүүчүлөрүнө көп тапшырылгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.