БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Америкалык кыз 16 жаштагы курбусу Жордан Холгерсонду 18 метрлик көпүрөдөн түртүп салды. Окуянын видеосун ABC News телеканалы Twitter баракчасына жарыялады.
Teen pushed from bridge speaks out from hospital: "I am happy to be OK." https://t.co/6nKTPmdHmf pic.twitter.com/O2799nkpWV
— ABC News (@ABC) 9 августа 2018 г.
Жабырлануучу журналисттерге дарыяга досторунан кийин гана секирүүнү ойлонгонун билдирген. Бирок көпүрөнүн жээгине келгенде коркуп кеткен. Бул арада артында турган курбу кызы аны сууга түртүп жиберген. Натыйжада кыздын беш кабыргасы сынып, өпкөсү жабыркаган.
Жордан учурда ооруканада, дарыланууга дагы алты айдай убакыт кетет. Ошентсе да ал окуяга кайгырбастан, тирүү калганына кубанууда.