БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Манас проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде ИИМдин Кайгуул-күзөт башкармалыгынын унаасы жол кырсыктын кесепетинен оодарылып калды.
Окуянын кыска видеосун активист Болот Ибрагимов Instagram баракчасына жүктөдү.
Күбөлөрдүн айтымында, үч унаа кагышып, Кайгуул-күзөт башкармалыгынын Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаасы оодарылып калган.
Бишкек ШИИББ толук маалымат кийинчерээк берилерин убадалады. Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.
Тез жардам кызматы кырсыктан эки адам жабыркап, ооруканага жаткырылганын маалымдады.