БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Айтматов менен Манас проспектилериндеги оңдоо иштери 28-августка чейин соңуна чыгат. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
![Айтматов менен Манас проспектилериндеги оңдоо иштери 28-августка чейин соңуна чыгат Айтматов менен Манас проспектилериндеги оңдоо иштери 28-августка чейин соңуна чыгат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104067/20/1040672069_75:0:1040:607_600x0_80_0_0_ef1deb465c34edad096cf5ea39cb7324.jpg)
![Бүгүн, 17-августта, вице-мэр Бакыт Дүйшембиев Бөкөнбаев көчөсүнөн Ахунбаевге чейинки 2,6 чакырым аралыкта жүрүп жаткан оңдоо иштерин көрүп чыкты Бүгүн, 17-августта, вице-мэр Бакыт Дүйшембиев Бөкөнбаев көчөсүнөн Ахунбаевге чейинки 2,6 чакырым аралыкта жүрүп жаткан оңдоо иштерин көрүп чыкты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104067/20/1040672058_3:0:968:607_600x0_80_0_0_8f83b8a90e1f4a10a227070e90c96f57.jpg)
![Ушу тапта жумушчулар асфальттын үстүңкү катмарын төшөп жатат Ушу тапта жумушчулар асфальттын үстүңкү катмарын төшөп жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104067/20/1040672075_57:0:1022:607_600x0_80_0_0_35697b79af1331f6ebb0ac8cef9f5297.jpg)
![Башкармалык пайдаланылып жаткан материалдар бышык экенин, 5-10 жыл кызмат өтөй турганын белгиледи. Башкармалык пайдаланылып жаткан материалдар бышык экенин, 5-10 жыл кызмат өтөй турганын белгиледи. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104067/20/1040672081_115:0:1080:607_600x0_80_0_0_294bd3703af60aa68d204922b1477613.jpg)
Бүгүн, 17-августта, вице-мэр Бакыт Дүйшембиев Бөкөнбаев көчөсүнөн Ахунбаевге чейинки 2,6 чакырым аралыкта жүрүп жаткан оңдоо иштерин көрүп чыкты. Ушу тапта жумушчулар асфальттын үстүңкү катмарын төшөп жатат. Башкармалык пайдаланылып жаткан материалдар бышык экенин, 5-10 жыл кызмат өтөй турганын белгиледи.
"Магистарль боюнча негизги иштер аяктады. Проспектини 31-августка чейин ачууну пландап жатабыз", — деди Дүйшембиев.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Эшенбаев жолчулар ишин сапаттуу жасап жатканын, Айтматов проспектиси белгиленген мөөнөтүнө чейин ачыларын кошумчалады.
Ошентип Айтматов менен Манас проспектиси — Жибек Жолунан Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен оңдолуп бүтөт.