БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Магомед Мусаев Азия оюндарында эркин күрөш боюнча күмүш байге утуп алды. Маалыматты Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
![Кыргызсандык балбан Магомед Мусаев Азия оюндарында эркин күрөш боюнча күмүш байге утуп алды Кыргызсандык балбан Магомед Мусаев Азия оюндарында эркин күрөш боюнча күмүш байге утуп алды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104070/13/1040701387_0:37:959:640_600x0_80_0_0_c00347c39d089b41f8bce417753ac1e8.jpg)
![Аталган спорттун түрүнөн өлкө намысын төрт балбан коргоду Аталган спорттун түрүнөн өлкө намысын төрт балбан коргоду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104070/13/1040701366_0:37:960:640_600x0_80_0_0_6620fc246694bcaae7668487e792830c.jpg)
![Медалга жалгыз Магомед Мусаев (97 кг) ээ болуп, күмүш байгеге татыды Медалга жалгыз Магомед Мусаев (97 кг) ээ болуп, күмүш байгеге татыды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104070/13/1040701371_0:10:959:613_600x0_80_0_0_172ff84d3df58857634080dcd5dd3bba.jpg)
![Ал 2014-жылкы Инчхондогу Азия оюндарында дагы күмүш алган болчу Ал 2014-жылкы Инчхондогу Азия оюндарында дагы күмүш алган болчу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104070/13/1040701377_0:37:959:640_600x0_80_0_0_a94238719ca4788a2871798286a4712e.jpg)
![Балбан килем бетинде 97 килограмм салмакта күч сынашып, жалпысынан төрт кармаш өткөргөн. Балбан килем бетинде 97 килограмм салмакта күч сынашып, жалпысынан төрт кармаш өткөргөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104070/13/1040701382_0:31:959:634_600x0_80_0_0_a23f141b317958743e5a4ab247bdc0ef.jpg)
Азия оюндары ушу тапта Индонезиянын борбору Жакартада өтүп жатат. Ал эми эркин күрөш боюнча кармаштар 19-августка белгиленген.
Аталган спорттун түрүнөн өлкө намысын төрт балбан коргоду. Медалга жалгыз Магомед Мусаев (97 кг) ээ болуп, күмүш байгеге татыды. Ал 2014-жылкы Инчхондогу Азия оюндарында дагы күмүш алган болчу.
Балбан килем бетинде 97 килограмм салмакта күч сынашып, жалпысынан төрт кармаш өткөргөн. Квалификациялык кармашта түркмөнстандык Зиямухаммет Сапаровду 8:2, чейрек финалда афганистандык Ахмади Нурахмадды 6:3, жарым финалда кореялык Ким Жигангды 1:1 упай эсебинде жеңип, ал эми чечүүчү кармашта ирандык Алиреза Каримимачиани 0:6 эсебинде утулуп, экинчи орунга ээ болду.
Белгилей кетсек, муну менен Магомед Мусаев Азия оюндарынын алкагында улуттук курама командага алгачкы медалды алып келди.
Ал эми дагы спортчу Алибек Осмонов (65 кг) менен Алмаз Сманбеков (57 кг) квалификациялык кармашында эле жеңилүү ызасын тартып, медалдан кол жуушту.
Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтмөкчү. Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча өтсө, анын 32си олимпиадалык, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү. Жалпысынан 481 медаль комплектиси ойнотулат.
Ал эми кыргызстандык 150дөй спортчу спорттун 28 түрү боюнча күч сынашат (23 олимпиадалык, 5 олимпиадалык эмес оюндар).