Кытайда узак убакыттан бери иштеп келген Тыныбек Жукешов айылдаштары менен чогуу кичи мекениндеги бир топ маселелерди чечүүгө бел байлап, алгачкы жыйынтыктары менен бөлүшүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеке ишкер менен маек курду.
— Жасаган иштериңер жөнүндө көпчүлүк биле башташты. Демилге канчантан баштап ишке аша баштады?
— Негизинен социалдык маселелерге басым жасап жаткан экенсиңер да. Дагы кандай пландарды ишке ашыруу алдында турасыңар?
— Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык фондусу менен биргеликте миграция боюнча сынамык долбоор баштап, айылга кеңсе ачтык. Социалдык абалы начар адамдарга жумуш орундарын ачып берүү үчүн компьютердик класс жана тигүүчү цех ишке берилди. Эми наабайкана ачкан турабыз. Андан сырткары, азыр биздин райондо көп өскөн өрүктү экспорттоо үчүн логистикалык борбор ачуу боюнча иш алпаруудабыз.
![Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын кулундары курган жаңы бала бакча Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын кулундары курган жаңы бала бакча - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104070/46/1040704634_0:183:4795:3197_600x0_80_0_0_7973431f1e078c81408d3693fe4ecfa5.jpg)
![Калктын демилгеси менен салынган 150 орундуу бала бакча Калктын демилгеси менен салынган 150 орундуу бала бакча - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104070/46/1040704641_0:181:4767:3179_600x0_80_0_0_47d56573ae3a909a7f30f2496845b285.jpg)
![Элеттиктер көлдүн жээгине футбол, волейбол ойногон аянтча жана амфитеатр курган Элеттиктер көлдүн жээгине футбол, волейбол ойногон аянтча жана амфитеатр курган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104070/46/1040704627_51:0:1657:1009_600x0_80_0_0_296af354032deca8aa6674a34f0100bd.jpg)
![Тыныбек Жукешов: айылыбызга үч жылда 15 миллион сом сарптадык Тыныбек Жукешов: айылыбызга үч жылда 15 миллион сом сарптадык - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104070/46/1040704622_0:181:4742:3162_600x0_80_0_0_6b559c1a7eca87e769f114eb981c94d8.jpg)
![Жанек баатырдын 200 жылдыгына карата өткөн иш-чаранын даярдыгы Жанек баатырдын 200 жылдыгына карата өткөн иш-чаранын даярдыгы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104070/46/1040704647_0:195:5131:3420_600x0_80_0_0_224dcf88c9ae9cbabaf3a1b142171bec.jpg)
![Жети-Өгүз районунда жыл сайын өтчү өрүк фестивалы Жети-Өгүз районунда жыл сайын өтчү өрүк фестивалы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104070/46/1040704656_0:189:4933:3289_600x0_80_0_0_3172042daacd146110e25a7708989470.jpg)
— Негизи элеттеги маселелерди ошол айылдын кулундары эле чечип кое алат экен да?
— Айылдаштар менен коомдук уюм ачканыңызга үч жылдан ашып калыптыр. Бул убакыт аралыгында канча акча сарптадыңар?
— Болжолдуу 15 миллион сомдой салыптырбыз. Өзгөчө Кытай, Россия, АКШ, Түркияда өз ордун таап иштеген айылдаштар өз жардамын аяган жок.
— Иште бут тосуулар болот бекен?
— Албетте, мамлекет тарабынан тиешелүү көңүл бурулбайт экен. Биздин ишти туура кабыл алгандар мене бирге эле түшүнбөгөндөр да бар. Бирок коомдук иш ошондой болот экен.
— Чет жакта да көп жүрүп калган экенсиз. Мекенге кантип кайтып келдиңиз?
— 2000-жылдардын башына Кытайга кеттим, ал жакта үй-бүлөм менен 10 жылдан ашык жашап иштеп жүрдүм. Пекинде туугандарым бар болчу, ошолор аркылуу баргам. Ага чейин мамлекеттик кызматта иштечүмүн. Эч нерседен кабарым жок баргам. Көрсө, ал өлкө ошол учурда эле катуу өнүгүп жаткан экен. Кытайча сүйлөп калам деп түк ойлогон эмесмин. Ал жерде кесибим боюнча логистика багытында иш алып барып, эки жылда кытайча сүйлөп калдым. Анан балдар эне тилин, каада-салтын унутуп калбасын деп Кыргызстанга кайра келдим.