БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бишкекте "Ачык асман алдындагы музыкалык кече — 2018" аталышындагы гала-концерт өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Иш-чара 24-август күнү Курманжан датка эстелигинин алдында саат 18.00дө башталат. Концерт ачык асман алдындагы музыкалык кечелердин сезонун жыйынтыктайт.
Мэриянын маданият башкармалыгы чоң масштабдагы программаны даярдоодо. Иш-чарага Динара Акулова, Баатыр Өмүрзаков, Съездбек Искеналиев, Кайрат Примбердиев, Адилет Азимов, Иса Өмүркулов, Максат Бегалиев, Ильяз Андаш, Бураш, Малика Дина, "Семетей" бий ансамбли жана башка артисттер катышат.