https://sputnik.kg/20180825/buttaryn-teskeri-karatyp-alyp-basyp-zhurgon-kishinin-videosu-1040775859.html
Буттары тескери карап калса да, басып жүрөт! Таңгалдырган видео
Буттары тескери карап калса да, басып жүрөт! Таңгалдырган видео
Sputnik Кыргызстан
АКШлык жаран тубаса ийкемдүү, тагыраагы "эки муундуу" болгондуктан, көптөрдү таңгалдырып, жакасын караматкан. 25.08.2018, Sputnik Кыргызстан
2018-08-25T12:38+0600
2018-08-25T12:38+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104077/22/1040772208_0:41:868:531_1920x0_80_0_0_0d2868edad0e08ad05c8fa8334cfe13e.jpg
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2018
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104077/22/1040772208_0:13:868:559_1920x0_80_0_0_a4f2530381eaa4d97c1ac65c3b84adf5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
мультимедиа, дүйнөдө, коом, видео, жаңылыктар, акш
мультимедиа, дүйнөдө, коом, видео, жаңылыктар, акш
Буттары тескери карап калса да, басып жүрөт! Таңгалдырган видео
12:38 25.08.2018 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) АКШлык жаран тубаса ийкемдүү, тагыраагы "эки муундуу" болгондуктан, көптөрдү таңгалдырып, жакасын караматкан.
57 жаштагы Мозес Лэнхэм аны тааныгандардын арасында Мистер Эластик катарында белгилүү. Буттары ийкемдүү болуп, Гиннес китебине эки жолу катталган. Мындай тубаса аномалиядан улам, буттарын 180 градуска буруп, басып жүрө берет.
Бул видео YouTube каналына жүктөлгөн.
Мозес бала кезинде мектепте партадан кулап кеткенде гана ушундай таңгалычтуу жөндөмү туурасында билген. Ал тубаса ийкемдүү, тагыраагы "эки муундуу": буттарында кемирчек жана булчуң ткандары көп дешкен адистер. Мындан улам элди таңгалдырып басып кетет. Ал эми башкалар мындай жөндөмгө ээ эмес. Мектепте, институтта башкаларды тамашага салыш үчүн тескери буттар менен басып жүрсө, кийин ар кыл шоу-программаларга тартыла баштаган.
Уулу Трейге Мозестин өзгөчөлүктөрү өткөнү менен, аны азырынча кайталай албай келет.