БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет келе жаткан жумага карата аба ырайынын божомолун айтты.
Билдирмеге караганда, жуманын алгачкы күндөрүндө тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде гана жаан жаабаса, өрөөндөрдө күн ачык болот.
27-28-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында аба ырайы түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32 градус ысык болот. Чүйдө түнкүсүн 10…16, күндүз 25…30, Нарын менен Ысык-Көлдө күндүз күн 20…25 градус нөлдөн жогору.
30-августта Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, бийик тоолуу жерлерде кар жаашы божомолдонууда. Өлкөнүн бардык аймактарында абанын температурасында мурдагы күндөгүдөн чоң айырмачылык болбойт.
31-август күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй облусунда абанын температурасы түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29 градус ысык болсо, Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27. Түштүк региондо күндүз 32 градуска чейин ысык болот.
Аптанын акыркы күндөрү дагы жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.