00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Максимальный репост
100 миллионов долларов! Россия продолжает оказывать КР продовольственную помощь
16:04
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Без патентов: какие изменения ждут предпринимателей в торговле?
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Коопсуздук кеңешинин катчысы президентке арыздангандардын доосун укту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Архив
КР президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бардык кайрылууларды карап чыгып, юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылуу жолдогон.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. КР президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев коомдо катуу талкуу жараткан окуялардын кейипкерлери — Мамлекеттик экологиялык, техникалык инспекциясынын мурдагы маалымат катчысы Анара Мамбеталиева, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын поезд коштоочусу Алия Асанбаева жана милициянын бөлүмүндө каза болгон Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, акыркы убакта өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго социалдык тармактар аркылуу кайрылгандардын саны көбөйгөн. Андыктан КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы алардын баарын анализдеп, бул багытта конкреттүү иштерди алып барууда.

"Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кечээ Анара Мамбеталиева, Алия Асанбаева менен жолукту. Жакында дагы бир жолугушуу болуп, анда социалдык тармакта тараган конкреттүү фактылар тыкыр талкууланат", — деп айтылат маалыматта.

Сагынбаев андан тышкары милиция бөлүмүндө каза болгон кыз Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиевди кабыл алып, козголгон кылмыш иши боюнча толук түшүндүрмө берген.

"Кылмыш иши сотко өткөнү кабарланып, сентябрдын башында соттук угуулар башталары айтылды", — деп жазылган билдирүүдө.

Шаңдуу бийлеп, бөбөктөрү менен ойногон Бурулайдын видеодо калган элеси - Sputnik Кыргызстан
Шаңдуу бийлеп, бөбөктөрү менен ойногон Бурулайдын видеодо калган элеси
Андан сырткары, Сооронбай Жээнбековдун жакында Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары учурунда Базар-Коргон районунун Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы кызматкери Таалайбек Исаев президентке кайрылып, райондук Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Тарыхчиевдин ишин жеке көзөмөлүнө алууну суранган. Исаевдин айтымында, ал аны иш бөлмөсүнөн травматикалык тапанча менен атып, кордук көрсөткөн. Жабырлануучу соттун чыгарган өкүмү жумшак болуп калганын билдирген. Өз кезегенди Тарыхчиев муниципалдык кызматта иштеп жатканы маалымдалган.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бардык кайрылууларды карап чыгып, юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылуу жолдогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0