БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кырчынга кеткен жолдо узакка созулган унаа тыгын жаралды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.
"Кырчын этно шаарчасына кеткен жолдо унаа тыгыны жаралып, жайлоого жете албай жолдо турабыз", — деди күбө.
© Sputnik / Максат ЭлебесовКырчынга кеткен жолдо узакка созулган унаа тыгын жаралды
![Кырчынга кеткен жолдо узакка созулган унаа тыгын жаралды Кырчынга кеткен жолдо узакка созулган унаа тыгын жаралды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104092/13/1040921348_135:0:1280:720_600x0_80_0_0_5510ff8fe3255627b17fbcf20541a15c.jpg)
Кырчынга кеткен жолдо узакка созулган унаа тыгын жаралды
Ысык-Көлдө 2-сентябрь күнү Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары башталды. Спорттук мелдештер Чолпон-Атадагы ипподромдо, Ден соолуктуу чыңдоо борборунда, Евразия пансионатында жана "Кырчын" жайлоосунда өтөт. Ал эми маданий иш-чаралар Бостери айылындагы "Nomad" амфитеатрында жана Кырчын этно-шаарчасында болмокчу.
Көчмөндөр оюндарында учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.