БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Улан Саляновдун өлүмү боюнча иш сотко өткөнүн Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
"Тергөө Улан Саляновдун өлүмү боюнча ишти Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берди. Биринчи сот иши 6-сентябрда болот", — деп айтылат маалыматта.
2017-жылдын 6-ноябрга караган түнү болжол менен саат 2.30дарда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өз үйүнөн атып кетишкен.
Ошол эле жылдын 27-декабрында бул кылмышка шектүү катары Бишкектин 31 жаштагы жараны кармалган. Анын жанынан Саляновго ок атылган курал табылган.
Кийин Москва шаарында экинчи шектүү колго түшүрүлгөн.