00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО! - Люди и события, которые нас удивили
Депутаты хотят запретить: смартфоны, скутеры на Иссык-Куле и электронные сигареты
14:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Китептин бүгүнкү күндөгү актуалдуулугу. Өзүн-өзү өнүктүрүү китептеринин кыз-келиндерге тийгизген таасири
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз тасмаларын Индия жана Кытайга кантип прокатка чыгарса болот?
17:06
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Магия экрана и реаьность- интервью с актрисой из Узбекистана
18:06
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз көк бөрүчүлөрү Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болду!

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. 6 день. Кок-бору. Кыргызстан — Узбекистан
III Всемирные игры кочевников. 6 день. Кок-бору. Кыргызстан — Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан буга чейин Монголия, Алтай, Москва командаларын жеңген.

ЧОЛПОН-АТА, 7-сен. — Sputnik. Кыргызстандын көк бөрү командасы өзбек улакчыларын, 32:9 эсебинде жеңип Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болду.

III Всемирные игры кочевников. 4 день. Кок-бору. Казахстан против Красноярска - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын Көкпар федерациясы улакчылары эмнеге утулуп калганын түшүндүрдү
Эсеп санын Рустам Тыналиев ачты. Башында эле кыргыз улакчылары катуу чабуул жасап ыргыткан улактары тай казанга түшүп жатты. Өзбекстандыктардын аттары чабаал экени байкалып турду. Катуу ылдамдык менен барып тай казанга урунуп Нуржан Мелисбек уулу жаракат алып, медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин оюнга чыкты. Ошентип 12:0 эсеби менен биринчи бөлүк аяктады.

Ал эми экинчи бөлүктө Өзбекстандын командасы жанданып, катары менен үч улак салды. Бирок кыргызстандыктар да артыкчылыгын улантып эсепти 21:5ке жеткирди.

Үчүнчү бөлүктө дагы оюндун нугу өзгөрүсүз калып улак Өзбекстандын тай казанына үстөккө-босток түшүп жатты. Жыйынтыгында жалпы эсеп 32:9 болуп баш байге Кыргызстанга буюрду. 

Кыргызстан буга чейин Монголия, Алтай, Москва командаларын жеңген. Ал эми Өзбекстандын улакчылары Башкырстан, Франция командаларын утуп жарым финалга чыккан. Анда Казакстан менен беттешип, 5:4 эсебинде жеңишти камсыздаган.

Кыргызстандын командасынын курамы жана минген аттары:

Жетекчиси Мыктыбек Туташев

1. Марлис Койгелдиев (капитан) — Арбат;

2. Айбек Темирбаев — Ахилес;

3. Кубаныч Султан уулу — Атаман;

4. Эрлан Төлөбеков — Дерзкий;

5. Таштемир Замирбек уулу — Алай;

6. Чубак Нурманбет уулу — Ак-Куш;

7. Нуржан Мелисбек уулу — Эрке-Тору;

8. Уланбек Насакеев — Арча-Тору;

9. Аскат Батырбек уулу — Токмок;

10. Манас Ниязов — Бойка;

11. Рустам Тыналиев — Комбат;

12. Анарбек уулу Сейитбек — Кара-Куш.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү мелдешине 11 команда катышты. Баш байгеге 3 миллион, экинчи орунга 1,5 миллион, үчүнчү орунга 1 миллион, төртүнчү орунга 500 миң сом ыйгарылат.

Көк бөрүнү ойноо тартиби жана кызыктуу фактылар менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0