Москванын Марьино районунда кыргызстандыктарды унаа менен тебелетип салды деп шектелип жаткан айдоочунун карындашы чатак эмнеден чыкканын РЕН ТВ каналына айтып берди.
Кийинчерээк ал Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул айылында төрөлүп, кийин Россиянын жарандыгын алганы айтылган.
Телеканалдын маалыматына караганда, ал түнү 21 жаштагы жигит достору менен карындашынын 18 жашка чыкканын майрамдаган.
"Биз тарапка бир нече эркек келип мага тийишти. Агамдын эскерткенине карабай, асыла башташканда ортодо чатак чыгып кетти. Алар агама кол көтөрүштү”, — деди кыз.
Анын айтымында, Сарбишев жинденип тургандыктан, унааны башкара албай, тормоздун ордуна газды басып алган.
Окуянын жоо-жайын Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуңуздар.