БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырып, айыпкер 28-сентябрга чейин камакта болмой болду.
Бүгүнкү сот жыйынына Кулматовдун 20га жакын жактоочусу келип, процесс жабык эшик артында өттү.
Жактоочу Сергей Слесаревдун айтымында, Кулматовдун ишинде кылмыш белгилеринин жоктугуна карабай, сот келтирилген далилдерди эске алган жок.
Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук соту 24-августта экс-мэр Кубанычбек Кулматовду абакта калтыруу мөөнөтү боюнча ишти карап, аны 28-сентябрга чейин абакта калтырган болчу.
Кулматов коррупция беренеси боюнча айыпталып, 18-майда кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен 5-июнда камакка алынган.
Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген 2 миллион долларды мыйзамсыз пайдаланган. Коррупциядан тышкары мыйзамсыз түрдө Россия жарандыгын алган деп да айып тагылган.
УКМК Кулматов 1995-жылдын 11-октябрында СССРдин жараны катары алган паспортун жоготуп алганына байланыштуу Россиянын паспортун алып, ошол өлкөнүн жарандыгына ээ болгонун айткан.
"Кийин 1996-жылдын 26-ноябрында Россиянын жараны болуп туруп өзүнүн СССР учурунда алган документин (жоготуп алдым деген паспортун) колдонуп Кыргызстандан дагы мыйзамсыз негизде паспорт жасатып алган. Документ Биринчи Май райондук паспорттук столдон берилген", — деп билдирген УКМК.
Бирок Россиянын Кыргызстандагы элчиси Кулматовдун жактоочусуна жооп бергенине караганда айыпталуучунун РФ жарандыгы жок.