![Фильм Потомок белого барса Фильм Потомок белого барса - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104107/39/1041073904_0:0:0:0_600x0_80_0_0_c6ab69f5feacbeb96808f2850ee22041.jpg)
Актер Марат Жантелиевдин жаш кезиндеги сүрөт 1984-жылы Чүй облусунда тартылган.
Ал жылы режиссер Төлөмүш Океев "Кожожаш" эпосунун негизинде фильм тарта баштаган.
![Съемки фильма Потомок белого барса Съемки фильма Потомок белого барса - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104107/40/1041074096_0:0:1580:1727_600x0_80_0_0_5e2f05cbfc9380d7f13d28359d9a7e45.jpg)
Ошол кезеңди КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев мындайча эскерет:
"Ак илбирстин капканга түшүп калган жерин Чүйдөгү Ак-Суу капчыгайында тартканбыз. Жапайы жаныбар зоологиялык базадан алып келинип, тартуу иштеринин жүрүшүндө бизди тийиштүү адистер коштоп жүргөн. Чындыгын ошол эпизодду тартуу кыйын эле болгон, ак илбирс ырылдап, токойчу атайын биз менен чогуу болчу. Мен колдон келишинче этияттап жүрдүм. Анда мен 22 жашта болчумун. Тасма Чүй, Нарындын кооз жерлеринде тартылган", — деп эскерди ал.
Тасма 1985-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Берлинде эң абройлуу кинофестивалдардын биринде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгына татыган.