БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Индонезияда болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 420 кишиге жеткенин РИА Новости агенттиги билдирди.
Буга чейин 384 киши каза болуп, 550гө жакын киши дайынсыз экени маалымдалган болчу. Учурда маалыматтар Палу шаары боюнча гана берилип жатат. Башка аймактар боюнча маалыматтар такталууда.
Жума күнү Сулавеси аралында магнитудасы 6,1ге жеткен жер титирөө болгон. Бир нече убакыттан кийин ушул эле аймакта магнитудасы 7,4кө жетке жер титиреп, ал бир нече жер силкинүү менен коштолгон. Анын айынан Палу шаарын бийиктиги 2 метрге жеткен цунами каптаган.