БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Sputnik Кыргызстан сайтына чыккан "сүйүнчү пул" алуунун татаалдыгы боюнча макалага түшүндүрмө берди.
Автор жаңы төрөлгөн уулуна жөлөк пул алуу үчүн документ чогултууда кандай кыйынчылыктарга туш болгонун айтып берген. Дал ушул аталган министрликтин кызматкерлери берген кеп-кеңештин айынан бир топ убактысын жоготкон. Аягында ал документтердин көбүнүн кереги жок болуп чыккан.
Мекеменин билдирүүсүндө үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин ымыркайдын ата-энесинен жашаган жеринен тастыктама талап кылынып келгени айтылат. Анткени "сүйүнчүнүн" акчасы райондук коэффицентти эсптөө менен чыгарылып келген. Андан кийин бул фактор жокко чыгарылып, тастыктаманын кереги жок болуп калган.
Эми ата-энеден төмөнкү документтер талап кылынат:
— паспорттун копиясы;
— баланын күбөлүгү;
— банк реквизиттери.
Ал эми автордун "сүйүнчү" боюнча маселесин карап жатып, электрондук анкета жаңылыштык менен Кочкор районунун эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына жөнөтүлүп кеткени аныкталган. Учурда Каттоо кызматынын адистери окуянын чоо-жайын тактап жатышат.