БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда, 2017-жылы октябрь айында каза болгон Темир Жумакадыровдун ата-энеси жана жубайы менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
![Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда, 2017-жылы октябрь айында каза болгон Темир Жумакадыровдун ата-энеси жана жубайы менен жолугушту Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда, 2017-жылы октябрь айында каза болгон Темир Жумакадыровдун ата-энеси жана жубайы менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104141/85/1041418584_0:340:2479:1898_600x0_80_0_0_2ece179a4991e6c9c2ded12af7e5fafc.jpg)
![Жээнбеков Темир Жумакадыров жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, премьер-министр кезинде аны менен тыгыз байланышта иштешкенин белгиледи Жээнбеков Темир Жумакадыров жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, премьер-министр кезинде аны менен тыгыз байланышта иштешкенин белгиледи - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104141/85/1041418579_0:431:2479:1990_600x0_80_0_0_affbbb2ab4c5184ce3597a080970e7d0.jpg)
![Өлкө башчы Темир Жумакадыровго ыйгарылган Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун II даражадагы Ардак белгисин анын ата-энеси менен жубайына тапшырды Өлкө башчы Темир Жумакадыровго ыйгарылган Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун II даражадагы Ардак белгисин анын ата-энеси менен жубайына тапшырды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104141/85/1041418597_0:99:2480:1658_600x0_80_0_0_451daa2ad8645a9717a21feb8f39965b.jpg)
![Маектешүүнүн жүрүшүндө маркумдун жубайы күйөөсүнүн ишин улантуу максатында анын ысымындагы коомдук фонд түзүлгөнүн айтып өттү. Маектешүүнүн жүрүшүндө маркумдун жубайы күйөөсүнүн ишин улантуу максатында анын ысымындагы коомдук фонд түзүлгөнүн айтып өттү. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104141/86/1041418604_0:11:2479:1570_600x0_80_0_0_c5cbb834672623f61591fb58f0d241ed.jpg)
Жээнбеков Темир Жумакадыров жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, премьер-министр кезинде аны менен тыгыз байланышта иштешкенин белгиледи.
"Биз улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча көп иштештик, коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин жана өлкөдө жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды талкуулачубуз. Ал ата-эненин жакшы тарбиясын көргөн абийирдүү, акылы курч, мээримдүү адам эле. Өлкө үчүн иштегенге умтулчу", — деди президент.
Маектешүүнүн жүрүшүндө маркумдун жубайы күйөөсүнүн ишин улантуу максатында анын ысымындагы коомдук фонд түзүлгөнүн айтып өттү.
Ал эми мамлекет башчы фонддун бардык демилгелерин колдой турганын жана алар үчүн ар дайым эшиги ачык экенин белгиледи.
Вице-премьерлик кызматты аркалаган Темир Жумакадыров 2017-жылдын 7-октябрында жол кырсыгынан каза болгон.