БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкекте жаш киночулардын форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Үмүт" аталышындагы VI форум 25-29-октябрь күндөрү борбор калаада уюштурулат. Анын алкагында үч сынак өткөрүлүп, КМШ өлкөлөрүндөгү жаш киночулардын 40тан ашык тасмасы катышат.
Иш-чаранын максаты — таланттуу режиссерлордун атын чыгарып, жаштарды колдоо жана кинематография тармагындагы кызматташууну жакшыртуу.