БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Республика боюнча 16-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө 0…+5, Талас өрөөнүндө +9…+14 градуска жетет.
Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө +8…+13, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10 градус жылуу болот.
Ош шаарында абанын температурасы +10…+12, Бишкекте +5…+7 градус болушу болжолдонууда.