БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылында туура тамактануу фестивалы болуп өткөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Багыш айыл аймагынын тургундарынын жетишкендиктери көрсөтүлгөн фестивалда муктаж үй-бүлөлөр күнөскана менен камсыздалып, туура тамактануу, жашылчаларды туура өстүрүүгө басым жасалды. 15 миллион сомдук долбоор Россия өкмөтү тарабынан каржыланды.
![Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылында туура тамактануу фестивалы болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылында туура тамактануу фестивалы болуп өткөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104154/37/1041543797_0:160:4200:2800_600x0_80_0_0_5439ebe1016004aea7c7d8a9ed8a20cd.jpg)
![Фестиваль правильного питания в селе Октябрь Сузакского района Фестиваль правильного питания в селе Октябрь Сузакского района - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104154/37/1041543780_0:142:4811:3167_600x0_80_0_0_8631bdd6625ec7e31920769757360d51.jpg)
![15 миллион сомдук долбоор Россия өкмөтү тарабынан каржыланды. 15 миллион сомдук долбоор Россия өкмөтү тарабынан каржыланды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104154/35/1041543528_0:0:3505:2203_600x0_80_0_0_cef1cdeef87870f431b4259077a00b93.jpg)
![БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Динара Рахманова БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Динара Рахманова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104156/87/1041568733_0:0:4200:2639_600x0_80_0_0_afb49e6e326121a7cb9d67a2575072ed.jpg)
![Россиянын Оштогу башкы консулу Росман Свистин Россиянын Оштогу башкы консулу Росман Свистин - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104154/38/1041543806_0:0:4150:2608_600x0_80_0_0_41215459a705722beffa2fb74315f396.jpg)
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Динара Рахманова жакыр үй-бүлөлөр айыл чарбадагы алдыңкы технология менен иштөөнү үйрөнүп, брокколи, шпинат сыяктуу Жалал-Абадда сейрек кездешкен жашылчаларды өстүрүүнү үйрөнүштү.
Свистин аталган долбоор жарым жылдан кийин соңуна чыга турганын, жыйынтыгы менен анын мындан ары уланар-уланбасы чечиле турганын кошумчалады.
Мындан сырткары, долбоор президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ишке ашканы айтылды.