БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келиши уюмунун (ЖККУ) "Кант" авиабазасынын түптөлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган авиабазанын маалымат кызматынан кабарлышты.
![Жамааттык коопсуздук келиши уюмунун (ЖККУ) Кант авиабазасынын түптөлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү Жамааттык коопсуздук келиши уюмунун (ЖККУ) Кант авиабазасынын түптөлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104163/97/1041639701_0:115:2999:2000_600x0_80_0_0_476b974929f10e1a8570dac3789050ee.jpg)
![Иш-чарага өздүк курам менен аскер жетекчилеринен сырткары, ардагерлер жана диний кызматкерлер да келген Иш-чарага өздүк курам менен аскер жетекчилеринен сырткары, ардагерлер жана диний кызматкерлер да келген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104163/96/1041639685_0:104:3000:1989_600x0_80_0_0_b9bfff50b1d333ef6653f9ebc33c9a68.jpg)
![Аскер бөлүгүндө кызматы менен өзгөлөнгөн жоокерлерге, кызматкерлерге мактоо баракчалары, РФтин Коргоо министрлигинин төш белгилери жана белектер ыйгарылды Аскер бөлүгүндө кызматы менен өзгөлөнгөн жоокерлерге, кызматкерлерге мактоо баракчалары, РФтин Коргоо министрлигинин төш белгилери жана белектер ыйгарылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104163/96/1041639690_0:115:2999:2000_600x0_80_0_0_300e586284c85a8761118affbdf049de.jpg)
![Мааракенин салтанаттуу бөлүгүнөн кийин маданият үйүндө жоокерлердин үй-бүлөсүнө, конокторго концерт уюштурулган. Мааракенин салтанаттуу бөлүгүнөн кийин маданият үйүндө жоокерлердин үй-бүлөсүнө, конокторго концерт уюштурулган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104163/96/1041639680_0:115:2999:2000_600x0_80_0_0_c390f171b4417552cd0f1a9b5c61ffbb.jpg)
Иш-чарага өздүк курам менен аскер жетекчилеринен сырткары, ардагерлер жана диний кызматкерлер да келген.
"Авиациялык базанын командири Андрей Янкин жоокерлерди куттуктап, боордош элдин жеринде тынчтык жана ынтымактуулукту орнотууга кошкон салымын үчүн ыраазычылыгын билдирип, ийгиликтерди каалады", — деп жазылат маалыматта.
Мааракенин салтанаттуу бөлүгүнөн кийин маданият үйүндө жоокерлердин үй-бүлөсүнө, конокторго концерт уюштурулган. Анда Россиядан келген Александрова ансамбли катышып, соңунда асманга шарлар кое берилди.
Кыргызстан 2003-жылы 23-октябрда 15 жылга Россия ЖККУнун алкагында Кант шаарына авиабаза жайгаштыруу боюнча Кыргызстан менен келишим түзгөн. Анын максаты ЖККУга мүчө өлкөлөрдү абадан колдоо болгон.