БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун 50дөн ашык тарапташы Бишкек шаардык сотунун алдына чогулду. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
Шаардык сот Илмияновдун баш коргоо чарасын карап жатат.
![Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун 50дөн ашык тарапташы Бишкек шаардык сотунун алдына чогулду Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун 50дөн ашык тарапташы Бишкек шаардык сотунун алдына чогулду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104179/81/1041798121_0:509:4200:3149_600x0_80_0_0_0a580fcce4f4eec741ac35cdbfc96160.jpg)
![Шаардык сот Илмияновдун баш коргоо чарасын карап жатат. Шаардык сот Илмияновдун баш коргоо чарасын карап жатат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104179/81/1041798146_0:510:4200:3150_600x0_80_0_0_73eacc65537a0a97aa6e810c3f2e85c0.jpg)
Белгилей кетсек, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту Илмияновду кармоо боюнча сыртынан өкүм чыгарылган. Ал эми 20-октябрда ал Россиядан кармалып, Бишкекке алып келингени маалым болгон. Ошол эле күнү райондук сот анын баш коргоо чарасын карап, 28-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайында камакта калтырган. Жактоочусу Сергей Слесаревдин билдиришинче, ал Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси "Алдамчылык" боюнча айыпталууда.
Икрамжан Илмиянов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев оппозицияда жүргөндө айдоочусу, кийин ал президент болгондо 2012-жылдан 2015-жылга чейин президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басарлыгын аркалаган. Андан соң президенттин кеңешчиси болгон.