БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев менен өлкөдөгү санариптик трансформация маселелерин талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
![Президент Сооронбай Жээнбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев менен өлкөдөгү санариптик трансформация маселелерин талкуулады Президент Сооронбай Жээнбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев менен өлкөдөгү санариптик трансформация маселелерин талкуулады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104180/21/1041802100_0:5:2399:1514_600x0_80_0_0_f7178bc6bc08f845d5c479b48338ee2d.jpg)
![Догоевдин айтымында, Санариптик Кыргызстан программасынын концепциясы эки маанилүү багытты аныктоого негизделген — бул трансформациянын санариптик эмес жана санариптик негиздери Догоевдин айтымында, Санариптик Кыргызстан программасынын концепциясы эки маанилүү багытты аныктоого негизделген — бул трансформациянын санариптик эмес жана санариптик негиздери - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104180/21/1041802116_0:0:2400:1600_600x0_80_0_0_8888d9788b8a68845bd422531a783191.jpg)
![Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев санариптик трансформациянын алкагында 33 долбоор бекитилип, алардын ичинен жетөө толугу менен ишке ашырылганын айтты. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев санариптик трансформациянын алкагында 33 долбоор бекитилип, алардын ичинен жетөө толугу менен ишке ашырылганын айтты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104180/21/1041802105_0:0:2399:1507_600x0_80_0_0_018ed81ae47f3f36fb973fd3c0712df8.jpg)
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев санариптик трансформациянын алкагында 33 долбоор бекитилип, алардын ичинен жетөө толугу менен ишке ашырылганын айтты.
Өз кезегинде Жээнбеков инвесторлорду тартуу жана аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жумушту активдештирүү, алардын аткарылышын катуу көзөмөлдөө зарылдыгын белгиледи.
"Санариптик трансформация, мамлекетибизге жана элибизге абадай керек. Мамлекеттик башкарууну санариптештирүү зарыл", — деди президент.
Мамлекет башчы бул жааттагы пландалган иштерди тез арада аткарууну баса белгиледи.