Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Sputnik Кыргызстанга өлкө чемпионатынан алынган ирмемдерди жиберди. Биз ошол укмуш сүрөттөрдү окурмандар менен бөлүшүүнү эп көрдүк.
Бүгүн Көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Оюндар Ош облусунун "Төлөйкөн" ат майданында өткөрүлүп, беш күнгө созулду. Анда өлкөнүн жети облусу жана Бишкек, Ош шаарларынан куралган 9 команда ат салышты.
Финалдык оюн баштааларда ат майданга президент Сооронбай Жээнбеков келип көк бөрүчүлөрдү куттуктап кеткен.
Сыйлыктарды Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, калаа мэри Таалай Сарыбашев, Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов жана Эльдар Айтматов тапшырды.
Белгилей кетсек, мелдештер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган.
Байгелер төмөндөгүдөй бөлүндү:
Биринчи орун — Чүй облусу, 500 миң сом;
Экинчи орун — Ысык-Көл облусу, 250 миң сом;
Үчүнчү орун — Талас облусу, 100 миң сом;
Төртүнчү орун — Ош облусу, 80 миң сом;
Мыкты улакчы — Чүй командасынан Кубаныч Султан уулу, 10 миң сом;
Мыкты аргымак — Ысык-Көл командасынан "Золотой", 10 миң сом;